www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Номур» албай, көмүр ал

Кыш күрөө кирип, эл көмүр дегенде ак эткенден, так этип турганда, «номур» алабыз дегендер да бар. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда мамлекеттик номерлерге онлайн-аукциондор порталын пайдалануучулар үчүн жаңы эреже киргизилди. Ушул убакка чейин мамлекеттик номурлар үчүн акча төлөбөгөн колдонуучуларга бөгөт коюунун мөөнөтү эскиргенине карабастан бөгөттөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок жүргүзүлүп келген. Жаңы эрежелерде тыюу салуу мөөнөтү алты айга чейин белгиленет.

Кийинки жогорку бааны сунуштаган, бирок сертификат үчүн өзү сунуштаган бааны төлөбөгөн катышуучулар да nomer.srs.kg порталда 6 айга чейинки мөөнөткө блокко коюлат. Блокко коюлгандан кийин катышуучулар 6 айга чейин онлайн-аукционго катыша алышпайт. Бирок кайрадан үч жолудан көп төлөбөй койгон катышуучулар кийинки аукциондорго катышууга мүмкүнчүлүк берилбестен, блокко коюлат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости