www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, шектүү 36 жаштагы А.Н. аттуу жаран жана маркумдун айылдашы. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланып жатат.

Буга чейин Ноокаттын КараТаш айыл өкмөтүндө 8-класстын окуучусу асынган абалда табылганы кабарланган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголгон.

Кийинчерээк өз өмүрүн кыйган окуучу бала кат жазып, таштап кеткени маалым болгон. Маркум баланын жакындарынын айтымында, аны айылдашы денесинде соо жер калтырбай сабап салган. Андан соң окуучу үйүнө келип, кат жазганга калем таппай, эжесинин каш боёгучу менен кат жазган. Маркум бала калтырган катта: «Ава, мени кечирип коюңуздар. Мен сиздерди жакшы көрөм. Айылдагы Н. деген баланы тааныйсыздар, ошол мени катуу урду. Аткана жакты карап коюңуздар. Менден ыраазы болуңуздар», - деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости