www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокенде 15 жаштагы кыз 1 айдан бери дайынсыз болууда

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Сатиева Элбара Курманбековна 2026-жылдын 18-августунан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын 11-январында туулган Элбара Сатиева ошол күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жерин аныктоо максатында Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Дайынсыз болуп жаткан кыздын белгилери: бою 160–165 сантиметр, кара тору жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө, орто дене түзүлүштө. Үйдөн чыгып кеткен учурда мезгилге ылайык кийим кийип жүргөнү маалымдалган.

Укук коргоо органдары жарандарды кайдыгер болбоого чакырып, Сатиева Элбара Курманбековнанын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү байланыш номерлерине кабар берүүнү өтүнөт:

(03734) 5-05-44, 0773 61-17-17, 0558 66-15-15.

Последние новости