www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Ноокен районунда үй-бүлөнү карактаган беш адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 12-июлга караган түнү Кызыл-Кыргызстан айылында болгон. Каракчылар кеткенден кийин үй ээсинин 30 жаштагы уулу А.А. милицияга кабар берген. Ал билдиргендей, алардын үйүнүн короосуна бетканчан 4 адам кирип келип, аны ур-токмокко алган. Бычак жана тапанчага окшош нерсе менен коркутуп, колдорун байлап, скотч менен оозун жаап койгон. Чөнтөгүнөн 5 миң сом акчасын жана «Самсунг А03» телефонун алып, өзүн жерге жаткырып койгон.

Андан кийин үйдүн ичине терезе аркылуу кирип, 66 жаштагы атасы А.А.ны, 62 жаштагы апасы Т.О.ну жана алардын 13 жаштагы небереси А.А.ны уруп-сабап, кайра терезе аркылуу чыгып, качып кетишкен.

Аталган факт боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүүлөрдү 13-июлда кармаган. Шектүү катары 39 жаштагы М.Р., 40 жаштагы Ж.Б., 35 жаштагы О.М., 34 жаштагы К.Ш. жана 30 жаштагы Н.А. уулу июлда колго түшүрүлгөн. Соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынган.

Кармалгандар мурда ар кандай оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап соттолгондугу аныкталган.

Последние новости