www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокенде жол кырсыгынан көз жумган аялдын туугандары тергөөчүгө кол салганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 25-мартында Ноокендеги жол курулушунда иштеп жаткан экскаватордун айдоочусу артынан өтүп бара жаткан М.Ж. аттуу 41 жаштагы тургунду тебелеп кеткен. Натыйжада ал алган жараатынан улам каза болуп калган.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"13-апрель күнү тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 23 жаштагы К.Т. тергөө тарабынан 48 саатка камакка алынган. Эки күндөн кийин, 15-апрелде, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Ноокен райондук соту үй камагына чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу тарап окуянын чоо-жайын түшүнбөй тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратканы айтылды. Бул иш "Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренеси менен катталып, териштирүү жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости