www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нооруз – 2023: Көк бөрү боюнча мелдеш салтанаттуу ачылды

Бүгүн, 14-март күнү Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана күйөрмандар катышты.

Министр өз сөзүндө баардык катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады.

Көк бөрүнү канча көрсөк да, ар бир оюн өзгөчө! Жерде туруп көтөрө албаган салмакты ат жалында көтөрүп, казанга салган жигиттер суктандырбай койбойт. Мына ушундай улуттук оюндарга бай кыргыз маданиятын көрүп ар дайым сыймыктанабыз. Жигиттерибизге ийгилик!”,-деди Алтынбек Максутов.

Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда. Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.

Последние новости