www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргүнчү ташуучу поезддин вагондорунун терезелерин талкалоого тиешеси бар адамдар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 27-июлда Чүй облусунун милициясына Ысык-Ата районунун аймагында белгисиз адамдар жүргүнчү ташуучу поездди таш бараңга алганы, натыйжада бир нече вагондун терезеси талкаланганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырдаал болгон жерге Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыккан. Кароонун жүрүшүндө окуя Новопокровка айылына жакын жерде болгону аныкталган.

«Издөө иш-аракеттеринин натыйжасында милиция кызматкерлери аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныкташты. Алар Новопокровка айылынын тургундары — 2007-жылы туулган К.А., 2011-жылы туулган Ж.А. жана 2009-жылы туулган С.Б. болуп чыгышты. Үчөө тең вагондордун терезелерин таш менен урганын моюндарына алышты», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган адамдардын аракеттерине КР мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилет.

Последние новости