www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен дагы жашоодон кетирген катачылыгымды жазгым келди. Өзүмдү күнөөлөп, аябай кыйналып, кысылып кеттим. Жакшы, сулуу, акылдуу, тың жеңемди, байкем менен ажыраштырып жибердим. Жашоолорун бузганыма аябай өкүнөм. Жеңебиз жок, өзүбүздүн да ынтымагыбыз жок болуп баратабыз. Кантип жеңемди кайтарсак болот үйгө?

Ал аябай туруктуу адам, айтканынан кайтпайт. Чүйдөн болот. Эки баласы менен жалган жалааларды айтып жүрүп, ажыраштырып жибердим. Кудай мени да жазалайт го, бул кылганым үчүн. Жеңе, окуп жатсаңыз кечириңиз, мени! Экинчи жашооңорго киришпейм. Бактыңарды тилейм өмүр бою. Кечиргиле жеңе, байке мени!

Нурай

Последние новости