www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандыны уурдоо кылдаттык менен пландаштырылган деген версия бар, ошондуктан 2 жумадан бери иштин бети ачыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, бул ишти бардык күнөөлүү жактарды табуу үчүн кылдаттык менен тергөө зарыл. «Бизде адам уурдоо боюнча бети ачылбаган иштер жок. Ушул иштин гана бети ачыла элек. Убакыт керек», - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте Кыргызстандын жараны «Сапат» кыргыз-түрк лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында жоголгон.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

«Сапат» билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости