www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын төрагалыгы астында бүгүн, 16-июнда, тиешелүү министрликтердин жетекчилери, балдардын укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген көчмө кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кеңешменин катышуучулары Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын карашып, жарандык активисттердин суроолоруна жооп беришти.

И. Якуниндин өлүмүн иликтөөнү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракетсиздигинен улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилигин кароону өзгөчө көзөмөлгө алуу чечими кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Ошондой эл болуп өткөн трагедияга байланыштуу, Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганы Б. Якунинге психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды.

Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөгө алып, мыйзам чегинде өз убагында бардык чараларды көрүү сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча комиссиянын тийиштүү чечими кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости