www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Орхан Инандынын жарандыгын текшерүүдө

Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Орхан Инандынын жарандык алуу маселеси текшерилүүдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, иликтөөнүн жыйынтыгында тиешелүү чара көрүлөт. «Бул сиздерге маалымат үчүн айтылууда», - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

«Сапат» билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости