www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш шайланды.
Ал 1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулган.
1990-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган.
1990-1995-жылдары- Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон.
2011-2014-жылдары- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.
1995-2002-жылдары- жеке ишкер;
2002- 2006-жылдары - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма- директордун орун басары;
2006-2007-жылдары – Жогорку Кеӊештин депутатынын жардамчысы;
2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору;
2010-2011-жылдары – “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы- директордун орун басары;
2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААК- башкы директорунун орун басары;
2012- 2016-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
2017-жылдын ноябрынан баштап 2018-жылдын мартына чейин Жогорку Кеӊештин "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин кеӊешчиси;
2018-жылдын мартынан баштап 2019-декабр айына чейин аталган фракциянын катчылыгынын башчысы;
2019-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Булак: NazarNews.kg