www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев регламенттин сакталышы боюнча маселени көтөрдү.

Ал вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевден залда отурган депутаттардын санын тактап берүүнү суранды. Эл өкүлүнүн айтымында, мониторлордо бир цифра көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө депутаттардын саны аз.

«Бири-бирибизди алдабайлы. Кечээ эле мага регламент жөнүндө сүйлөп, бирок кайра эле өзүңөр буза бересиңер деп айтышты. Эмне кылуу керек? — деп сурады Дастан Бекешев.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эгер таблодо 71 депутат катталган болсо, алардын баары залда деп жооп берди.

«Мен жыйынга келген депутаттардын санын эч качан эсептебейм. Алар каттоодон өтттү, менимче, алардын баары ушул жерде. Ар кимдин кыла турган иштери бар, сыртка чыгат, кирет. Бул жерде 90 депутат отурушу керекпи? — деп сурады вице-спикер.

Белгилей кетсек, иш жүзүндө жыйындар залында 30 депутат гана отурат.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости