www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эски оорулары күчөп каза болгон аял коронавирусту ооруканада жатканда жуктуруп алган. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап апрель айында Жайыл районунда ооруканага дарыланууга жаткан жана ошол жерден коронавирус жуккан адам менен байланышта болгон. Ошондон кийин эски оорулары козголуп, абалы жакшырбай койгон:

"Боордун циррозу, эки тараптуу пневмония, олиоргандык жетишсиздик синдрому жана мээсинде шишик диагноздолгон. Дарылоо аракетине карабастан түндө каза болуп калды. Бул киши бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен – февраль айында Улуттук фтизиатрия борборунда, апрелдин аягында Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан учурда коронавирус жуктуруп алган бир адам менен контакт болгон экен. Жуктуруп алгандан кийин эски өнөкөт оорулары күчөп, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканага которулгандан кийин деле абалы жакшырбай, кайра өрчүп кеткен".

Эске салсак, жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам сакайды.

Последние новости