www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна белгиленген Кой-Таш окуясы жана “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланышкан сот иши 11-майга жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Соттук отурум 11-майга калтырылды. Судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калганын себеп катары карманууда. Атамбаев өзү катыша албаса да, сот процессин өткөрүлүшүнө макулдугун билдирген кат берген. Ага карабай, сот ушундай чечимдерди кабыл алып жатат", - деди Жолдубаева.

Белгилей  кетек, Алмазбек Атамбаевге ондон ашык оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын бири — “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу жана дагы бири Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши. Бул кылмыш иштерге байланыштуу Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости