www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-майда Жогорку кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов милициялардын кошумча акчасы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, ага милиция кырматкерлери кайрылып, нараазычылыгын билдирип жатышат.

“Өткөн жумада премьер-министр милициялар баш тартышты деп айтты. Андай эмес, кечээ мага милиция кызматкерли кайрылышкан. Өтө нааразы болуп жатышат, духубуз түштү дейт. Биз мына ӨК, ӨА режими киргенден бери күн-түн дем алышка карабай иштеп жатабыз деп айтышты. Ал эми, кошумча акчадан эч ким баш тарта элек дешти. Ушул маалыматты Каржы министрлигинен так маалымат уксак”,-деди депутат Дастан Бекешов.

Мындан сырткары, ал өкмөт расмий түрдө медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөнөт деп атканын эске салып, кечээ эле ал сумманы эки эсеге кыскартып салганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости