www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-майда Кыргыз өлкөсүндө коронавирусун жуктургандардын саны 871ге жетти. Анын ичинен 12 киши көз жумду.
Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жаткан Нурболот Үсөнбаев: “Күндүн жылышы менен көчөгө чыккан элдин саны көбөйдү. Анын кесепетинен өлкөдө илдетти жуктургандар көбөйсө, илдет массалык түрдө жайылса, кайрадан катаалдатылган шарттарга өтүүбүз толук ыктымал.
Азыркы абалга өкмөттүн, даргерлердин талыкпаган чоң аракетинин натыйжасында жеттик. Андыктан келиңиздер, гигиенаны, тиешелүү талаптарды аткаралы. Бул учурга акыл-эстүүлүк менен карайлы. Европа кандай кырдаалга туш келгенин көрдүк.
Чектелген чаралар кооптуулуктан сактоого жардам бере алат. Бет кап режимин, аралыкты, обочолонууну сактаңыздар”,-деди министрдин орун басары.
Булак: NazarNews.kg