www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

--"Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчөлүк кылат. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасын сунуш кылышты. Биз анын канчалык ыңгайлуу экенин иликтеп көрүшүбүз керек. Азырынча бир кемчилиги катары анын сактоо шарты каралып жатат", — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, бул вакцина -70 градуста сакталышы керек. Ал эми Кыргызстанда буга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок.

"Биз колдонуп жүргөн мурдагы вакциналардын бардыгы +1 же 2 градуста сакталчу. Учурда Россиянын вакцинасын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди министрдин орун басары.

Буга чейин РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты, Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко Кыргызстандын бардык жарандарына коронавируска каршы вакцина алуунун зарылдыгы жок экенин айткан. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости