www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев зоодон секирди. Бул тууралуу видео Кыргызстандагы “банджи жапминг” менен алектенген компаниянын Инстаграмм баракчасында жарыяланган. Бекешевдин бул секириги социалдык тармакта көпчүлүктүн талкуусуна алынып жаткан учуру.

Экстремалдык эс алууну жактырганын айткан депутат Бекешев биринчи жолу бийиктиктен секиргенин билдирди. Анын айтымына караганда, бийиктиктен секирүүгө даярданып жатканда абдан корккон, бирок, аталган жерге келгенде коркунучу жок болуп кеткен.

Көпчүлүктүн алкышына татыган Бекешев бул секириктен унутулгус бир эмоция алганын белгилеп, жарандарды активдүү эс алууга чакырып, эксперименттерден коркпоого үндөдү.

Ошол эле учурда, видеону көргөн социалдык тармактын колдонуучулары мындай бийиктиктен жактырбаган саясатчыларын да аркансыз ыргытып жиберүү тууралуу комментарийлерди да калтырып жатышты.      

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости