www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп Жо Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтон шаарына өзгөчө кырдаал режимин киргизип койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. 

11-январь күнү кечинде Трамп "Байдендин ант берүүсү алдында шаар коопсуз болсун" деп өзгөчө кырдаал жарыялап, федералдык жардам жибергенин жар салды.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаал режими 11инен 24-январга чейин созулмакчы. Ал эми жаңы шайланган президент 20-январь күнү ант берип, кызматына расмий түрдө киришет.

Өткөн жумада Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 



 

Последние новости