Садыр Жапаров Эрдоганга оригиналдуу ыраазычылык билдирди
Расмий кабарлар  |   |  2014

Президенттик шайлоонун алдын ала чыккан жыйынтыктарында лидерлик кылган Садыр Жапаровго кечээтен тарта дүйнөлүк лидерлерден куттуктоолор келип жатат. Ар бирине Жапаров өз Инстаграмм баракчасында ыраазычылык билдирип, жылуу сөз менен жооп кайтарып келүүдө.

Бул ирет Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосун алган Садыр Жапаров, анын куттуктоосуна оригиналдуулук көрсөтуп жооп кайтарды.

Ыраазычылык сөздөрүн түрк тилинде жолдогон Жапаров жолдомосунда Туркия башчысына кутуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө арасындагы ар тараптуу мамилелер бекем калаарына болгон ишеничин билдирген.

“Урматтуу өлкө башчысы, тууганым, президенттикке тандалганым үчүн жиберген жылуу куттуктооңуз үчүн жана каалаган жакшылыктарыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Түркия Кыргызстан үчүн болгону бир стратегиялык өнөктөш эмес, тууганыбыз. Туугандыгыбыздын артынан стратегиялык гана мамилебизди жакшыртпастан, ар тараптуу өнөктөштүгүбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракетимди жумшоого даярдыгымды билдирем.

Дос жана тууган Түркия мамлекетинин жарандары үчүн чын ден-соолук жана бакыт-таалай каалайм”,- дейт кайрылуусунда Садыр Жапаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями