Ибраим Нуракун уулу: «Садыр Жапаров умай энелердин, кызырдай болгон аталардын батасы менен эл башына келди»
Саясат  |   |  542

«Жаңы президент көп өтпөй эле жарга кулайт, чалынат, жыгылат деген сөздөр, ылайым эле, калп болсо экен...», - дейт ЖКнын басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибраим Нуракун уулу. Мындай пиирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«2020-жылы 5-октябрдагы шайлоодо «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партиялары парламенттен 90дон ашуун мандатты утуп алганын мен деле, ошол кезде мамлекеттик кызматкер болгонума карабастан, тааныган эмесмин. Бүгүн тааныдым.

Калың элдин маанайы канча чырылдап, канча дебаттарды өткөрсөң деле өзгөрчүдөй эмес. Парламентаризмден башка жол жок дедик, «хан» дедик, «ханституция» дедик, болбой эле элибиз жаңы «хан», жаңы «ханституцияга добуш берип салды.

Жеңилген тараптан 67% эл шайлоого келбей койду, демек шайланган президентке ишеним аз деп атышат. Жок шайлоону фейктер кылды ишенбейм, тааныбайм деп башкы атаандаш көгөрүп туру. Сынчылардын көбү: көрөбүз, бюджетте акча жок, команда жок, чылгый аферисттердин жана кошоматчылардын торунда калды, көп чыдабайт, жакында эле жели чыгат деп, күбүрөнүп өздөрүн сооротушат.

Бүгүн эртеменен Көк-Жар айылынан мен да добуш бермекке жолго чыгып кызыктай окуяга туш келдим. Ылдый жактагы конуштан шайлайт элем, ала кет деп бир ак калпакчан абышка жолдо кол булгалайт. Өңү тааныш. Шашып баратканыма карабастан машинеме олтургузуп алып кепке тарттым:

- Каякка жол тарттыңыз, аксакал?

- Көлмөгө баратам. Садыр Жапаровго добуш берип келем! Бүгүн маршрутка жок, айнанайын, ырас болбодубу.

- А эмнеге Садыр? Башкага эмес? (Бро, дегим келди).

- Билбейм. Эл айтып атат го, ошол жигит таза деп. Таза болсо, демек биздин жашоо оңолот да!

- А берки жагына кандай добуш бермекчисиз, аксакал?

- Президенттик, айнанайын.

- Себеп?

- Депутаттарыңды көрдүк го. Колдорунан эчтеме келбейт экен.

- Аксакал, канча президентти качырдык? Оор күндөрдө ошол депутаттар жаман-жакшы сөз угуп болсо да иштеп атпайбы? Дагы бир президенттин бизге не кереги бар?

- Билбейм, айнанайын. Тээтиги жерден мени түшүрүп койчу. Сен башканы шайлайт окшойсун, мен Садыр баламды шайлайм. Рахмат, айнанайын...

Кызырбы дейин десем, жөнөкөй эле тиштери түшкөн, арык, түйшүкчүл айылдык абышка. Чын эле ал айткандай, жаш ишмер Элдар Абакировго, башкаруу формасын болсо парламентикке добуш берип кайттым. Жубайым, баамымда, Клара Сооронкулова айымды тандагандай. Айылдагы ата-энем болсо Садыр Жапаровго батасын берген көрүнөт, улам эле куттуктаган смстерди жөнөтүшөт.

17 талапкердин ичинен кайсы бир сапаттары менен жаккандары көп. Эгер шайлоого кайдыгер карагандардын да бюллетендерин мага берип койгондо, Клара Сооронкулова, Улукбек Кочкоров, Мыктыбек Арстанбек, Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиевдерге да бирден добуштарды берип чыкмакмын.

Ушул маалда жапжаңы президент Садыр Жапаровдун миңдеген жактоочулары аянтта концерт коюп, ырдап-бийлеп, салют атып жатышса керек. Табышмактуу карыя болсо, эми кыргызым оңолот, эми өлсөм арманым жок деп, көзүнө жаш алып, Садыр уулуна улам-улам батасын берип, жылуу төшөктө чыныгы бакыттын, чыныгы жеңиштин даамын сезип жаткандыр.

Мен болсо, чыгаан ишмер, Ай десең Айда жок, Күн десең Күндө жок акылдуу агайым Адахан Мадумаровдун жактоочулары менен бирдей сезимде, жеңилүү ызасын тартып, туздалган куруттан улам бирди оозго салып коюп олтурган маалым.

Эмнеси болсо да элдин тандоосун сыйлашыбыз керек. Садыр Жапаровду жөнөкөй эл шайлады, умай энелердин, кызырдай болгон аталардын батасы менен эл башына келди. Алдыбызда дагы далай кыйын ашуулар турат. Тээтиги коюу тумандын нары жагында эмне жатканын бир Кудай өзү гана билет. Жанагылардын жаңы президент көп өтпөй эле жарга кулайт, чалынат, жыгылат деген сөздөрү, ылайым эле, калп болсо экен... Ушул сыяктуу ойлор басат...», - деп жазган ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями