www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамптын жубайы АКШнын биринчи айымы болууну каалабайт

АКШ президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп мурунку жашоосуна кайтып келүүнү кыялданат. Эмне үчүн ал АКШнын биринчи айымы болууну каалабагандыгы социалдык тармакта талкууга алынды.

Мелания Трамп төрт жыл АКШнын биринчи айымы болуп келген. Ал учурда кадимки жашоого кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасында билдирген. Ал Дональд Трамп шайлоодо жеңилип калганда абдан сүйүнгөн. Трамп кызматын сактап калууну ойлонуп жатканда жубайы буюмдарын чогултуп, Нью-Йорктогу батирине кетүүгө даярданганын чет элдик басылмалар жазышкан.

Трамптын жубайы Мелания Трамп АКШнын биринчи айымы болууну каалабагандыгын жана мурунку жашоосуна кайтууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын чет элдик басылмалар сындап чыгышты.

--"Мелания Трамптын бул чечимге келүүсүнө ал эл алдына азыраак чыгып, коомдук жумушка берилип иштебегендиги. Ошол эле учурда анын жеке социалдык долбоорун, балдар рэкетчилигине жана баңгизаттарына каршы күрөшүү демилгесине көп көңүл бурбагандыгы. Төрт жыл бою ЖМКлар анын жүрүм-турумун, кийимин, табитин, эл алдында сүйлөө стилин талкуулап келишкен. Ал АКШнын мурунку биринчи айымы Мишель Обаманын сүйлөгөн сөздөрүн плагиат кылып, Американын тарыхын сыйлаган эмес. Аны коштоп жүргөн ЖМКларды жана журналисттерди жек көрүп, алардан атайылап качып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости