www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта» -дегендей кыргыздар түндүк-түштүк болуп жакалашып жатканда өзбек миллиардери Алишер Усмановдун «короо шыпыргычы», папасы кыргыз, «анасы» өзбек Бабуржон Тольбаев үчүнчү орунга чыкты. Кайда жүрөт мен кыйынмын деп төшүн ургулаган Улукбек Кочкоров, Бактыбек Калмаматов, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Арстан Алай, Канат Исаев, Курсан Асанов, Каныбек Иманалиев,  Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Рашид Тагаев. Атаганат, мейли биринчи, экинчи орун кыргыз эмеспи, бирок алар саясатта алчы-таасы конгон кыргыздар. Ушул шайлоого бүгүн эле кошулган Алишер Усмановдун «короо шыпыргычы» биринчи шайлоодо эле үчүнчү орунга жетишти, эмкиде кыргыздарды ыйлатат го? Үчүнчү орун – саясатка эки ай мурун келген адам үчүн жакшы жыйынтык. Бул тууралуу президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев шайлоонун жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди: “Мен башынан эле алдыңкы үчтүккө кирем деп ишенчүмүн. Албетте, жок дегенде экинчи орунду ээлеп, экинчи турга өтүүгө үмүт бар болчу. Бирок ага карабастан мен өз командама ыраазы болдум. Мен үчүн үчүнчү орун деле жакшы жыйынтык. Ал эми Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктайм”, - деди талапкер.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости