www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев өз ишин мыкты аткарган, чечкиндүү, мекенчил мыкты жетекчи катары таанылууда.
Вице-мэр болуп келгенден бери шаардагы мыйзамсыз курулуш иштери менен катуу күрөшүп, тартипке келтирип жатат.
Жогорку жактан болгон тоскоолдуктарга карабастан кандай мыйзамсыз иш болсо, кылчактабастан дароо өзүнүн чечкиндүүлүгүн көрсөтүп маселени кечиктирип отурбай чечкени, шаардыктардын купулуна толду.
Мына буга тротуарга чыгып кеткен Жогору Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин коркутуп, күпүлдөгөнүнө карабастан үйүнүн дубалын буздуруп салган, мыйзамды, акыйкатты жактаган кадамы ачык мисал боло алат.
Буга окшогон иштери арбын. Мына кыргыз жеринде жашап, кыргыз жерине кафе куруп, ишкерлик кылып, нан таап, байып жатканына ыраазы болбой, текеберленип "кыргыз тилинде ыр ырдалып, каалоо-тилек айтылбасын" деп тыюу салган "Дубровский" кафесинин мыйзамсыз тосуп алган тосмоолорун алдырып салды.
Өз учурунда жасалган өтө туура, чечкиндүү кадам болду. Керек болсо кафени жаап салса да жарашат. Эми салык кызматтары тыкыр текшерип, айып салса өздөрүнө келмек.
Мыйзам иштерге каршы күрөшүүдө чынында Нурдан Орунтаевдин колдоп, дем берип туруу жарандардын милдети болуш керек. Себеби, мындай жетекчилер аз.
Алалы, Нурдан мырзанын төрагалыгы алдында Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлдү. Буга окшогон иштер дагы көп болот. Ошого жараша тоскоолдуктар, чагым кылган көрүнүштөр болбой койбойт. Андыктан, колдоо зарыл.
Булак: NazarNews.kg