www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сейтек Качкынбаев - Жапон элчилигине идеалдуу талапкер. Мындай пикирин журналист Нургазы Анаркулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кечээ Кыргызстандын Жапониядагы элчиси кызматтан кеткенин угуп калдым. Эмнегедир, ошол замат оюма сейрек кездешкен талант, саясат таануу багытында доктор Сейтек Качкынбаев эсиме түштү.
Учурда Токиодо дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин элчилиги бар. Бирок, ошол элчилердин арасынан жапон тилинде эркин сүйлөп, жаза билген бир гана Грузиянын дипломаты бар. Ал Жапон телевидениесинен түшпөйт. Акыркы кезде Жапониянын инвесторлору, туристтери Грузияны абдан байырлап калды.
Азыр Жапонияга элчи болгусу келгендер катарынан тизилип турат го, бирок ушу жапон тилинде эркин сүйлөп жүргөн Сейтекти алып барсак, өтө чоң жылыш болот эле. Эки мамлекеттин байланышы чындалат. Бул баланы Жапониянын биздеги элчиси, ар кандай багыттагы уюмдардын жетекчилери ар дайым колдоп келет. Ушундай кыргыз бар экенине сыймыктанышат. Биз өзүбүз, кыргыздар анын баркын билбейбиз.
Сейтек Качкынбаев «21-кылымдын кадрлары» программасы боюнча Кытайдын Шаньдунь университетинде окуган. Жапонияда 12 жыл жашап, Васеда университетинде салыштырмалуу политология боюнча магистратурасын, докторантурасын бүтүргөн. Кытай, корей, япон мамлекеттеринин эл аралык уюмдарында, Американын Борбор Азия Университетинде, телевидениеде иштеген. Жапон тилинен тышкары, кытай, корей, монгол, англис тилдеринде эркин сүйлөйт жана лекцияларды окуйт. Кэндо (кылычташуу) боюнча кара курдун ээси.
Бүгүнкү бийлик терең ойлонуп, Сейтекти Жапонияга элчи кылып жиберсе, бул эң мыкты кадрлык жүрүш болмок!», - деп жазган Анаркулов.
Булак: NazarNews.kg