www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нургүл Акимова, Экономика боюнча эксперт:
“Кыргызстан күйүүчү майдын 90 %дан ашыгын Россиядан алат”
--Күйүүчү май боюнча көйгөйлөрдүн жаралышына эмне себеп болууда?
--Дүйнөдө мунай жана мунай продуктуларынын баасынын өсүшү Кыргызстандагы инфляцияга түздөн-түз таасир тийгизип жатат. Глобалдык энергетикалык баалардын көтөрүлүшү, айрыкча Украинадагы согуш жана Россияга каршы санкциялар шартында, Кыргызстанда күйүүчү майдын жана ташуу чыгымдарынын кымбатташына алып келди
Кыргыз экономикасы Россия менен болгон соода жана акча которуулардын агымына көз каранды. Отчётто айтылгандай, рублдин алсырашынан улам Кыргызстанга импорттолуучу күйүүчү майлар кымбаттады, анткени алар негизинен чет элдик валютада сатып алынат. Бул ички базарда бензин жана дизелдин баасын көтөрдү
Кыргызстандагы ГСМ баасынын өсүшүнө төмөнкү негизги себептер таасир этти:
дүйнөлүк мунай баасынын жогорулашы;
рублдин жана доллардын курсунун өзгөрмөлүүлүгү;
ички суроо-талаптын жана насыянын көбөйүшү;
энергетика тармагындагы субсидиялардын азайышы;
согуш жана логистикалык чыгымдардын өсүшү.
Кыргызстан күйүүчү майдын 90 %дан ашыгын Россиядан алат. Ошондуктан Россиядагы ар кандай чектөө, санкция же заводдордун ишиндеги үзгүлтүк Кыргызстанда баанын дароо өсүшүнө алып келет.
Мунай жеткирилүүчү жолдор (темир жол, автоунаа, бажы) кымбаттап жатат. Россиядан жана Казакстан аркылуу ташуу чыгымы өскөндүктөн, бул автоматтык түрдө майдын акыркы баасын көтөрүүдө.
Жамиля МЫКТЫБЕК кызы