www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин өкмөт жыйынында россиялыктардын тамак-ашында балык жана деңиз азыктары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган нормага ылайык, жылына бир адам орточо 30 килограммга жакын балык жеши керек, бирок азыр бул көрсөткүч болгону 24 килограммды түзөт.

Путин туура тамактануу элдин ден соолугуна жана өмүрүнүн узактыгына түз таасир этерин белгиледи. Ал балык көп керектеген өлкөлөрдө жашоо узактыгы да жогору экенин кошумчалады.

Орус балык чарбачылыгы билдиргендей, 2025-жылы балык уулоо көлөмү 4,7 миллион тоннага жетип, ички керектөөнү жана экспортту камсыз кылууга жетет. Балык эң көп керектелген аймактар — Ыраакы Чыгыш жана Борбордук округдар.

Последние новости