www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуриет Абдулазиз: Адам болуш да ибадат

Коомчулукта “Адам болуш аста-аста, ажы болуш бир паста” деген сүрөттөр каттуу талкуу жаратып жатат. Кээ бир жарма-патриот мусулмандар дароо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, “дин душмандарын” сөгүп-кагып, “үчүнчү күчтөрдү” жана “НПО, масон, жөөттөрдүн агенттерин” каргап-шилеп мусулмандарды коргомуш болуп аткансыйт. Актангандын кереги жок, ар бир абалдан сабак алып, кээ бир учурда кемчиликти моюндаш керек. Соңку 30 жылдан бери дин эркиндигине жеткенибиз менен интеллектуалдык деңгээлибиз жылдан жылга төмөндөп баратканы чындык. Ибадат кылуу аң-сезимдүү адамдарга милдет, демек ибадатты да акыл-эс менен кылыш керек. “Ибадат” кылып жатам деп эле оолугуп, башка биз байкабаган майда, бирок абдан маанилүү ибадаттарды көзгө илбей жатабыз. Ибадаттардын эң күзүрү-Жараткан берген адамдык касиетти сактап калуу.

Сүрөттөгү эки абал быйылкы Курман Айтка байланыштуу. Ыйык жерге баргандан мурун элементардык деңгээлде адамдык аң-сезимден үлүшүн албай калганбы, кыскасы шайтанга таш аткан кээ бир “ажыкелердин” таштандыга болгон мамилесин көрүп, ажылыгы канчалык деңгээлде кабыл болгону деле маалым болду окшойт. Ажылык - улуу ибадат жана шайтанга таш атуу ритуалынын өзөгүндө жан дүйнөбүздөгү шайтанга таш ыргытып, ошол жерде дал ошол ички шайтаныбызды тизелетип келүү максаты бар эле. Бирөөнүн кайсыл бир ибадатын, анын ичинде ажылыгынын кабыл болгону же кабыл болбой калганы гайып нерсе негизи, бирок илгерки уламалардан калган бир акыйкат бар. Эгер ажылыкка (умра) барган, беш убак намазын тургузган, жоолукка кирген адамдын мурунку жашоосу менен учуру түп-тамыры менен 180 градус жакшы тарапка өзгөрүп, такыр башка адамга айланса, анда буйруса анын ибадаты кабыл болуп жатат. А бирок намаз окуп, сакал койгону менен, жоолук салынып, орозо тутуп, ажылыкка же умрага барганы менен адеп-ахлагы, тазалыгы, адам акысы маселесиндеги мамилеси өзгөрбөсө анда ибадатынын кабыл болуусунда шек бар. Мечиттеги минбарлардан ушуну Бек Борбиевдин “Тазасы барбысындай” эле кайталаш керек болуп калды, урматтуулар. Ибадаттан мурун мамиле деген эреже динибизде деле бар. Оболу ар бир мусулман Жараткан жана анын макулуктары менен мамиле кылганды үйрөнүшү керек. Макулук дегенде адамдар, жаныбарлар жана айлана-чөйрөнү эске алып жатамын.

Ыйык жерлерде миллиондогон ажылар өз ибадаты менен алек болгон учурунда, көптөгөн Бишкек шаарынын жарандары курмандыктарын чалып, ичеги-кардын БЧКдагы сууга ыргытып жатышканын тастыктаган видео тасмалар укмуш тарады. Өзгөчө Ала-Арча суу сактагычынын жанына күндүн ысыгынан бузулуп, карайып кеткен ичеги-карын, баш, туяк жана терилерди үйүп төгүп кеткен абалга биринчи кезекте мусулмандардын үн катпаганы таң калтырды. Бул биз үчүн кадимки эле бир көрүнүш сымал кабыл алынып жатканы кооптондуруп жатат. Биз үчүн учурда күнөө десе Муса пайгамбарга (ага Алланын саламы болсун) түшкөн он эреже эле болуп калды окшойт. Бирок жадагалса ошол он эреженин биринчиси болгон “Өлтүрбө, өмүр бер, жашат!” деген осуятына каршы иш кылып жаткандыгыбызды байкап жатабызбы?! Ар бир мусулман таштанды таштоо бир адамды өлтүрүүгө тете деп билиши керек. Сен таштаган ичеги-карын сууну булгап, жүздөгөн адамдын инфекциялык оорусуна себепчи болуп, ондогон адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ошол эле сууну ичип мал-жаныбыз жана эгин-тегинибиз ууланып жатат. Бул түзмө-түз каатчылык, кымбатчылык жана ачарчылыкка алып келиши анык. Жадагалса ата-бабабыз да жаратылышка аяр мамиле жасап, артынан таштанды калтырган эмес. Баш-аягын куйкалап шорпосун ичкен, ичеге-кардын артып тазалап кууруп жеген, терисин ашатып көлдөлөң, бостек кылган улуу элдин балдары жалкоо болуп калдык. Курман айт күнү баш, ичеги-карын берсең эч ким албайт. Жарды дегениң да даяр оокатка көнгөн. Сулп эт жегиси келет тимеле, мечит алдында каптап чогултуп, бири-бири менен эт талашат. Курмандык союуну гана ойлонбостон, чыныгы муктаж үй-бүлөлөргө ысырапсыз жеткирип берүүнү да колго алууну сунуштайт элем, кадырлуу колунда бар мусулмандар жана кайрымдуулук фонддору.

“Бизде тазалык эң төмөнкү тепкич, мактанган Европа биздин биринчи тепкичибизге эми жетти” деп мактанганыбыз менен таштанды маселесин чече албай, биз деле ошол биринчи тепкичтен өйдө көтөрө албай жатабыз. Улуу сөздөрдү сүйлөп, үмөттүн камын ойломуш болуп өзүнчө эле кайгырып алган, жолуккан жерде кызыл чеке болуп Махдинин келүүсүн талашып же жаңы мүптүнү шайлаганың менен, жөнөкөй эле таштанды маселесинде билинип калат сен экөөбүздүн мусулманчылыгыбыз. Эң өкүндүргөнү ушул жашыл долбоорлор башкача айтканда экология маселеси менен бир да мусулман фонду (коомчулугу, бирикмеси, жамааты) алектенбейт. Же суунун таңкыстыгы, абанын булганышы, аба ырайынын кескин ысып жаткандыгы, мөңгүлөрдүн эриши, бак-дарактардын кургап жатышы, азык-түлүк жетишсиздиги жума сайын мечитте дуба кылсак эле чечилип калат деп ойлойбузбу?! Көпчүлүгү байкашымча ушул эле ой менен жашап жүрөт. Бирок жаңылышат, анткени Жараткан бизге тең салмактуу бир ааламды белекке берген. Анын тең салмактуулугун бузуп алып, кайрадан дуба кылуу менен оңдоп алам деген түшүнүк жомокчунун кыялы. Албетте дуба кылуу керек, бирок иш, жумуш, аракет, кыймыл жана амалдан кийин. Себеби Ислам дини динамикалык дин экендигин унутуп, биз аны христиандар сымал статикалык, аялдык мүнөзгө ээ болгон, сарттык, дүнүйө парастык жана ритуалдык гана кыймыл-аракеттер менен түшүнүктөргө толгон бир ишенимге айлантып жатабыз. Башкача айтканда, диндин ичинде ишеним камтылат, бирок ар бир эле ишеним дин боло албайт. Жаңы мусулмандар Ислам динин үйрөнүп, Ислам дини менен жашамайынча, Ислам ишеними аларга толук кандуу бактылуулугун камсыз кылбайт. “Башталат баары майдадан” демекчи, тазалык - ыймандын жарымы экенин унутпасак. Жана тазалык дегенде бир эле өзүң сылаң-короз болуп жасанып, даарат алып жүргөнүң эмес, үй-жайың, корооң, көчө жана айылың, аң-сезим жана амалдарың, ишеним жана мамилеңдин да тазалыгы эске алынат. Мусулман болуш оңой-олтоң иш эмес. Оболу адам бололу, Чыкем айтмакчы, күн сайын адам бололу. Адам болуш аста-аста, ажы болуш бир паста!. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости