www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев коомчулукта чоң талкуу жараткан "матчество" боюнча пикирин билдирди.

"Ургаачы" деген сөздү чечмелейли. Эркек-ургаачы деп коёт. Андан да арыраак айтканда, мисалы, адамдын ургаачысын "аял" дейт. Деги эле жер үстүндөгү жан-жаныбарлардын эркек-ургаачысы болоору белгилүү.

Аялзаты жалпы жонунан ургаачы аталат да, кенедей кезинде секелек кыз, бийкеч, селки, келин, аял, кемпир аталат. Кыргыз элинде атамзамандан бери эле ургаачылардын мыктысы урмат-сыйга бөлөнүп келген. "Ургаачы атым болбосо, уруудан чыккан эр болом" деген кезинде намысына тийген эркектердин сөзүнө Жаңыл Мырза. Эл ичинде "Ургаачынын мыктысы - отко жакса күл болбойт, олжого кетсе, күң болбойт" деген сөз бекеринен айтылып калбаган.

Дүйнөдө алтургай "өлдү" деген сөздүн өзүн өлүмгө кыйбай аяп сүйлөгөн, тергеп сүйлөгөн кыргыздан башка дагы кайсыл эл бар болду экен?

Эми мына ушундай сөздөрдү айта кетели. "Ажалы жетти", "ажалын тапты", "дүйнө салды", "дүйнөдөн кайтты", "дүйнөдөн өттү", "каза болду", "каза тапты", "көз жумду", "көзү өттү", "курман болду", "жан таслим болду", "ары карап кетти", "ичер суусу, көрөп күнү түгөндү", "мерт болду", "кайтыш болду", "ойрон болду", "маркум болду", "опат болду", "өмүрү өчтү", "үзүлдү", "тиги дүйнөгө кетти" деп, наристе бала каза болсо, "чырпык сынды", "чымчык болуп учуп кетти" деген эмеспи.

Жети ата өткөрбөй үйлөнүп алган жаш жубайлардын балдары кем акыл, келесоо болуп калаарын биздин эл байыртан эле эң сонун билгенине таң каласың. Ошонун укум-тукумга кесепети тийерин билип, балдарын жети атасын сөзсүз билип жүргөнгө үйрөткөн. Жети ата өткөнгө дейре кыргыз жакын туугандары менен эч качан кыз алышып, кыз беришкен эмес. Бул эрежени укумдан-тукумга чейин катуу сактаган.

Жети атасын билип жүргөндүктүн дагы бир жакшы жагы, кокус айыл ичинде бирөө уурулук кылса, же жаман ишке барып күнөөгө жыгылса, адегенде эле:
- Анын тек жайын карап көргүлөчү? Теги кандай экен? дешчү экен.

Анан аксакалдар тегин сүрүштүрүп олтуруп эле анын жети атасында уурулук кылган же бузук иш жасаган бирөөлөрү болгон-болбогонун бүгүнкүдөй компьютерсиз, же миңдеген долларга сатып келип орнотуп коюп да аныктай албай аткан "полиграф" аппаратсыз эле анжай эшектерди же жетесиздерди камырдан кыл суургандай сууруп чыгып, эл алдында уят кылган, тартипке салган, кыскасы экинчи колу туткактык кылбас үчүн кынына киргизген", - дейт акын. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости