www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Америка Украинаны күш-күштөп согушка салып берди», - деди бүгүн, 3-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, бир нече күндөн бери «Түркия Кыргызстанга саткан байракты Тажикстанга да сатат экен» деген маалыматтар тарай баштады. Эгер Түркия Кыргызстанга саткан «Байрактарды» чындап Тажикстанга сата турган болсо, алар «Байрактарды» Кыргызстанга каршы колдонбойбу?

- Күпүң-дүпүң имиш-имиштер менен жашабай, биздин жогорку бийлик масштабдуу ойлонсо жакшы болмок эле. Мисалы, өткөндө Орусиянын аттуу-баштуу бир төбөлү: «Кыргызстанды кысуу керек. Тажикстан менен болгон чырында тажиктерди колдоо керек», - деп ачык эле айтып чыкты го. Эмне кереги бар эле, АКШ менен жокко чыккан келишимдерди кайра жандантып?

Американы деле көрдүк го, Украинаны күш-күштөп согушка салып берди да, өздөрү четке чыга берди. Азыр Украина бийлиги: «жок дегенде, асманыбызды жапкылачы», - деп жалдырап жатат. АКШ болсо: «Анда биз Орусия менен согушууга мажбур болуп калабыз», - деп качышууда. Анан, ушул окуялардын баарын көрүп туруп, биздин бийлик эмнеге Батышка ишенип жатат?

Аллах анын бетин нары кылсын, эртең тажиктер менен бизди кагылыштырып туруп, Америкаң басып кетет. Ушуга Ак үйдөгү кеңешчи, «стратегдердин» мээлери жетпей жатабы. Андыктан, Орусияны колдоп турушубуз керек болчу.

Аллах анын жүзүн нары кылсын, тажиктер чындап сатып алган болсо, алар менен дагы бир кагылышуу болсо, алар сөзсүз «Байрактарды» колдонушат. Аёо дегенди билбеген мыкаачы калк экенин былтыр көрдүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости