www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Байкасам, Сузактагы окуяда окуучу кыздан күнөө кеткен», - деди бүгүн, 30-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
«Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча социалдык тармакта тараган видеодон көрсөм, окуучу кыздан күнөө кеткен. Ажылдайт го, кеп жебей. Негизи эле, азыркы окуучу жаштар ээнбаш, эрке, тарбиясыз көрүнүшөт. Көчөдө кетип баратсаң, кадимкидей жөөлөп өтүшөт.
Биз бала кезде, чоң киши көрсөк, качып кетчү элек. Ошол тарбия азыр деле калып калыптыр, аксакал киши көрсөм, айла жок саламдашам. Аны тааныбасам деле», - деди Мотуев.
Эске салсак, окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.
Интернетте мугалим окуучу кызды чаап, уруп жаткан видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган видео жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Жыйынтыгында мугалим жумуштан бошотулуп, бирок кийин кайра кызматына кайтарылган.
Булак: NazarNews.kg