www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ташиев Премьер министр, Жапыкеев финполдон чоңураак бир кызмат алса жакшы болмок” - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине Нурлан Мотуев.

-Нурлан мырза, Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыктан кеткенине байланыштуу Өкмөт отставкага кетти. Жаңы өкмөткө кимдер келсе дейсиз?

-Жаңы өкмөткө кимдер мүчө болсо да, мурдагы 30 жылдык жемкор чиновниктерди, эки жүздүү күн карама саясатчыларды жолотпоо керек. Кыргызча чулдурап сүйлөп койсо эле, тимеле Новиковго эзилип кетишти. Октябрь революциясы жеңгенден бери иштеп, результат көргөзүп жаткан Камчыбек Ташиевди жана Сыймык Жапыкеевди гана көрдүм. Ташиев Премьер-министр, Жапыкеев финполдон чоңураак бир кызмат алса жакшы болмок. Максат Мамытканов ордунда калышы керек. Медер Алиев деген жаш жигит да бир чоң кызматка жарактуу. Айтор, эт менен челдин ортосундагы арабок-арамзалар эмес, а чыныгы мамлекет үчүн күйүп бышкан, патриоттор кабинет министрлигин ээлөөлөрү зарыл.

-Өкмөт мүчөлөрү кандай критерийде тандалса туура болот деп ойлойсуз? Жаңы президенттин репутациясы бузулгандардан арылганга, бийликти эл иренжиген адамдардан тазалаганга күчү жетеби?

-Садыр Жапаров люстрация жасабаса, өзүнө эле жаман. Мурдагы Президенттер ушул люстрация дегенге маани бербей жүрүп, акыры качып бозуп, же камалып кетишти. Коомчулуктун да талабы ушул люстрация, эскилерден тазалануу болуп турат.

-Өкмөт башчы кандай критерийде тандалышы керек? Түндүк-Түштүк деген жазылбаган мыйзамдын алкагында тандалышы керекпи же бу сапар адискөйлүккө басым коюлушу зарылбы?

-Түндүк-Түштүк деген чириктик, келесоолукту чын дилимден жек көрөм. Премьер-министр деген чыныгы адис, иш билги менеджер болуусу керек.

-Садыр Жапаровдун атандаштарын инагурацияга чакырганы мындан ары ынтымакта иш алып баралы, эпке келели, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн биригели дегениби?

-Эмне аракети экенин билбейм, “лично” мага мунусу жаккан жок. Ушунчалык толеранттуу боло бергендин эмнеси жакшы? Убагында Садырдын камчысын чаап жүргөн мага окшогондор соттон актала элекпиз алигиче. Мелис, Бакай жана башка жан-жөөкөрлөрү камалып, сурала башташты. Шаолинь, Элвира деген душмандарын көкөлөтүп, кызматка коюп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости