www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талгарбеков Атамбаевдин бийлигин кыйрата албаса дагы солкулдаткан, ал картинаны азыркы бийликке да алып келүүсү мүмкүн», - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаковдун демилгеси менен түзүлгөн «Коомдук кеңеш» коомдун пикирин өзгөртө алабы?

- Колдорунан эчтеке келбейт. Өздөрү 20 жыл бийликте жүрүп, кыйратып койбогон, эми идиректүү акыл чыгабы булардан? Бирок, биздин эл да күнөөлүү. Ак-караны ачык талдап, анализдеп отурбай, бийлик жамандап, ЖМКлардан каралап салган саясатчыны: «Аа, бул ошондой турбайбы» - деп, акыркы 30 жылдык бийликке ишенип жүрүп, тумшуктары ташка тийбедиби.

 Андыктан, Кыргызстан шартында оппозиция болуу өтө оор, дээрлик жылаңач баатыр, жанкечти болууң керек. Бийлик тагып койгон ярлык менен жашоого туура келет. А бирок, жеңип чыксаң, кечээ эле сени жалгыз калтырып койгон эл сени курчап, кубаласаң да жаныңдан кетпегенине таң каласың.

Талгарбеков боюнча айтсам, бул өзү кыйраткыч энергия алып жүрүүчү адам. Атамбаев бийлигине каршы чыкты, анын бийлигин кыйрата албаса да, солгундатып койду.

Ал бийликке элдин шектенүүсүн жаратты. Андай картинаны бүгүнкү бийликке да апкелүүсү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости