www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын сааттары, Голландия сыры сыяктуу Кыргызстан жаңгакты,  баткен өрүгүн бренд кылып экспортко чыгарышыбыз керек

Олуттуу түрдө экспортко багытталган реформа тууралуу көптөн бери ой жүгүртүп, өз алдымча изилдөөлөрдү жасап келем. Айрыкча атуу-баштуулар, аткаминерлер менен сүйлөшуп калсан, Япония, Түштүк Корея же Сингапур өлкөлөр сыяктуу Кыргызстандын географиялык жайгашуусу деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышат. Ошол себептүү, көпчүлүгү «Кыргызстан – биз өнүгө албайбыз» - деп, үмүтүн үзүп да коюшкандар да жок эмес. Ал эми, бул пикирге мен толугу менен каршымын! Эмнеге дегенде, Швейцария Кыргызстан сыяктуу деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдун катарына кирет. Бирок, ага карабастан Швейцария сопсонун эле өнүгүп жатат го! Себеби, транспорттук чыгымдарды аз талап кылган кайра иштетүүчү даяр өнөр жай тармагына басым жасап, бүгүнкү күндө «Швейцариянын сааттары» - деген бренд менен экспорттоо аркылуу эл аралык рынокту багындырып, киреше таап жатат. Ошондуктан, саат экспорттоо жагынан Швейцария дүйнөдө биринчи орунда турат.  

Же тескерисинче, көптөгөн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн рыногун ээлеп жатышат. Бул нерсеге ой жүгүрттүкпү? Алсак, Польша, Бельгия, Голландия жана башка өлкөлөр. Бул өлкөлөр өнүгүү жолдорун, багыттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктап, өзүнүн жолун эчак эле таап алышкан. Мисалы, Польша Кытайдан озуп, транспорттук чыгымдарды талап кылганына карабастан дүйнөдөгү ири алмаларды экспорттоочу өлкөгө айланды. Ошондой эле, Бельгия өзүнүн «Бельгия шоколады», Голландия «Голландия сыры» жана гүл, жер-жемиштер уругу менен.       

Андан сырткары, ааламдашуу шартында такыр географиялык жайгашуу өзгөчөлүктөрүн эске албай деле экспорттоо аркылуу эл аралык рынокторду багындырып, киреше таап жаткан өлкөлөр да жок эмес. Алсак, Эстония мамлекетинин программисттери инновациялык продукцияларды экспорттоонун негизинде өлкөсүнө укмуштуудай кирешелерди алып келишүүдө. Мисалы, 2011 – жылы Эстонияда иштелип чыккан Skype программасы Microsoft компаниясына 8,5 млрд АКШ долларына сатылган. Айтайын дегеним, бул келишим ошол кездеги Кыргызстандын бюджетинен (6 млрд АКШ доллар) да дээрлик жогору экенин көрсөтүп турат. Ал эми, 2018-жылы Кыргызстандын бюджети аран 8,093 млрд АКШ долларын түзгөн.  

Албетте, мунун баары, туура өнүгүүгө багытталаган экономикалык модель, реформа, мамлекет ишкерлер үчүн болгон мүмкүнчүлүктү түзүп, колдоо көрсөткөндуктөн, ишкерлердин биргелешип, чогу иш алып баргандыктан, терең илимий-изилдөөлөр, алдыңкы техника жана технологиялардын негизинде жыйынтыгы ийгиликтерди жаратууда.     

Ал эми, Кыргызстанда даяр продукциялар жана тейлөөлөрдү экспорттоого багытталган реформаны ишке ашырууда бир канча тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Алсак, майда өндүрүштүк, атаандаштыкка жөндөмсүздүк, билимдин, заманбап технологиялардын, адистердин, эл аралык стандартка жооп бере турган лабораториялардын жетишсиздиги, сертификациялоо жагынна аксайбыз.

Бирок, ийгиликтүү Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, экономиканын өтө төмөн деңгээлине карабастан, аз убакыттын аралыгында өлкө ийгиликке жетүүгө болот экендигин көрсөтө алышты (Мисалы, Түштүк Корея).

Ошол себептүү, бул реформаны ишке ашыруу үчүн, кыргыз экономикасынын өзгөчөлүктөрүн, шарттарын, потенциялын эске алып, төмөнкү мүмкүн болгон кадамдарды жана багыттарды карап чыгууга аракет кылдык.     

Кыргыз мамлекети да  ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн жеке ишкерлердин, фермерлердин, илимпоздордун, өнүгүүсүнө  көнүл буруусу керек

1) Эне канчалык өзүнүн балдарынын тарбиясына, билимине, өсүүсүнө көнүл бургандай, Кыргыз мамлекети да өлкөдөгү ата-мекендик жеке ишкерлердин, фермерлердин, илимпоздордун, өнүгүүсүнө ошончолук көнүл буруусу, аларга болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, колдоо көрсөтүүсү азыркы учурдун талабы!     

2) Кыргыз мамлекети эл аралык рыноко башка өлкөлөр чыгара албаган, же атаандаштык аз боло турган продукция иштеп чыгуусу керек. Бул нерсе мамлекеттин өнгүүсү үчүн эн маанилүү. Бул нерсени мындан 4 жыл мурун Малайзияда билим алып жүргөн кезде өз көзүм менен көргөм. Ошол учурда Малайзияда карантин болуп, бардык мекемелер жабылып, элдердин бир жумага үйдө калуусун, жана сырка бет капчан чыгусун Малайзия мамлекети талап кылды. Ошол кезде көчөгө-сыртка чыгуу мүмкүн эмес эле. Себеби, шаарды түтүн каптап, бир аз турган соң көздөн жаш да чыгып кетчү. Ошол кездеги болуп жаткан таң калычтуу көрүнүш мен үчүн кызыктуу болду. Көрсө, Малайзия мамлекети алдын ала пландап, атайын эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарына айып төлөп, массалык түрдө токойлорду өрттөп, ал эми өрттөлгөн токойлордун ордуна Пальма дарактарын тигип башташкан экен. Эмнеге дегенде, Малайзияда тропикалык климат үчүн көбүнчө эртең менен жана кечинде жаан жаагандыктан, Пальма дарагын талаага эгип койсо, ал өзүнөн өзү эле өсуп, эч кандай кам көрүүсүз 4 жылдын ичинде жетилип, кийин кайра иштетүү аркылуу пальма майын алышат экен. Бүгүнкү күндө, пальма майы арзан болгондуктан, ага болгон суроо-талап күчөп, тамак-аш жана техникалык өнөр жайларда кенири тарап, ушул нерседен Малайзия өлкөсү киреше таап жатат. Ушул эле нерсени Индонезия да колдонуп жатат.     

Ошондой эле, Жаңы Зеландия өзүнүн «Манука» өсүмдүгүн кайра иштетүү менен бирге, бир канча даяр продукцияларды экспортоо аркылуу киреше таап жатат. Айтайын дегеним, Кыргызстан дагы Малайзия, Жаны Зеландия сыяктуу башка өлкөлөр чыгара албаган, же атаандаштык аз боло турган өзүнүн уникалдуу продукциясын таап, иштеп чыгуусу керек.    

Ал эми менин жеке оюум боюунча, Кыргызстан жаратылышка бай, бийик тоолуу өлкө. Кыргызстандын асман тиреген бийик тоолорундай тоолор ар бир өлкөдө боло бербесе керек.  Ошол себептүү, бул тоолордун арасында башка өлкөлөрдө жок-биз билбеген канчалаган дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр бар. Ал өсүмдүктөрдү тамак-аш, медицина жана башка тармактарда колдонсо болот деп эсептейм. Ошондой эле, ушул өсүмдүктөрдүн негизинде, дары-дармек өндүрүүчү фармацевтикалык компанияларды түзсө болчудай. Бул нерсени ишке ашыруу үчүн мамлекет өзү гарант болуп, ушул багыттарда иштеп жаткан ата мекендик ишкерлерди бириктирип, аларга пайдасы жана келечеги менен кызыктырса, ишкерлер өзүлөрү иш жүзүнө ашырып кетишине ишенем! 

Кыргыз балы дүйнөдөгү мыкты бал деп табылды, эми брендге айлантышыбыз керек

3) Ошондой эле, Кыргызстандын жаратылышы түркүн гүл-өсүмдүктөргө бай болгондуктан, дүйнө боюнча эң жогорку сапаттуу, уникалдуу бал өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргызстанда өндүрүлгөн балды «Kyrgyz Baly» деген аталышта, атактуу «Швейцариянын сааттары», же болбосо «Голландия сыры» деген сыяктуу дүйнөлүк брендке айландырууга толук потенциалга ээ.  Себеби, кыргыз балы дүйнө жүзү боюунча эки жылда бир өтүлүүчү эл аралык «APIMONDIA» балчылардын конгрессинде көптөн бери сапаты жана уникалдуулугу боюнча биринчиликти бербей, “The Best Honey in the World” деп табылып келет. Алсак, 2013-жылы Украинада, 2015-жылы Түштүк Кореяда, 2017-жылы Туркияда, ал эми 2019-жылы Канадада "Дүйнөдөгү эң мыкты бал" деп табылды.    

Ошондой эле, 2019-жылы Доха шаарындагы "AGRITEQ-2019" аттуу дуйнөлүк айыл чарба ири жарманкеге катышып, 450 граммдык тарада салынган балды 70 АКШ доллардан саттым. Андан сырткары, Доха шаарынын маркеттеринде 1 кг балдын баасы 150 – 180 АКШ доллар экендигин көрүп, өзум күбө болуп да келдим. Айтайын дегеним, азыркы тапта кыргыз балы араб дүйнөсүнө популярдуулукка айланып бара жатканын сездим. Ошондуктан, келечекте кыргыз балын дүйнөдөгү ар бир өлкөнүн маркеттерине жайылтууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.      

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө кыргыз балы Кыргызстандан чет өлкөлөргө арзан баада чийки зат түрүндө экспорттолуп, балчыларыбызга пайда аз түшүп, көпчүлүгү чыгымдарын жаба албай калгандары да кездешет. Көпчүлүк бал экспортоочулар Кыргызстанда заманбап лабораториялардын жетишсиздигин айтышат. Себеби, Кыргызстандын лабораторияларында таза деп чыккан балдан, башка өнүккөн өлкөлөрдүн лабораторияларынан антибиотиктер чыгып, көптөгөн чыгымдарга учурагандарын да айтып келишет.    

Ал эми, балчылар үчүн кыргыз балын даяр продукция түрүндо экспорттоо көп чыгымды талап кылат. Адистердин жетишсиздиги, заманбап технологиялардын балчылар үчүн өтө кымбаттыгы көйгөйлөрдү жаратат.  Андан тышкары, эл аралык ISO, FSSC стандарттарына ээ болуусу шарт.  

Ал эми, кыргыз балы сыяктуу башка экспорттоого потенциялы бар, өзүнүн сапаты жана уникалдуулугу менен өзгөчөлөнгөн продукцияларда деле ушул эле көйгөйлөр. Алсак, кыргыздын таза суусу, Арстанбаптын жаңгагы, кургатылган мөмө-жемиштер, Баткен өрүгү, эт, сүт жана башкалар.   

Ошондуктан, мамлекет чийки зат түрүндө экспорттолуп жаткан товарларды өзүбүздөн иштетип чыгарууну колго алуусу шарт! Ал үчүн, мамлекетибиз экспортко аракет кылган ата мекендик жеке ишкерлер үчүн эл аралык рынокто даяр продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында болгон мүмкүчүлүктордү түзүп бериш керек. Алсак, аларды салыктан бошотуу, жогоруда айтылган эл аралык стандарттарга ээ болуусу үчүн билимин жогорулатуу, заманбап технологиялар менен камсыздоо үчүн атайын жеңилдетилген мамлекеттик насыялар жана жеке ишкерлердин өз тармагында биригип, биримдикте тажрыйба алмашып, иш алып баруусу үчүн атыйын программалар иштеп чыгуу сыяктуу.        

Ошондой эле, даяр продукция түрүндө экспорттоо максатында эл аралык рынокто атаандаштыкты жарата алган, буга чейин чийки зат түрүндө экспорттолуп жаткан продукциялар үчүн акырындык жолдор менен мамлекет тараптан эмбарго жарыяланууга тийиш! 

Мисалы, Өзбекстанда эки жыл мурун пахтанын чийки зат түрүндө экспорттолуусуна эмбарго жарыяланган. Ошондон бери, Өзбекстандын жеке ишкерлери пахтадан ар түрдүү даяр продукцияларды иштеп чыгып, мамлекет үчүн жакшы кирешелерди алып келишүүдө. Мисалы, дүйнөдөгү «ZARA» деген белгилүү компаниялардын бири Өзбекстанга инвестиция кылып, бүгүнкү күндө Өзбекстандын пахтадан тигилген сүргүлөрү «ZARA» бренди менен Европа өлкөлөрунө чыгып жатат.   

4) Ал эми, Кыргызстан дагы Өзбекстан сыяктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүп, экспортко чыгууга чон потенциалга ээ. Биздин өлкөдө тигүү өндүрүшү өнүккөн десек да болот. Себеби, көпчүлүк КМШ мамлекеттеринде Кыргызстанда тигилген кийимдер «Made in KG» бренди менен көптөн бери популярдуу болуп келет. Ошого карабастан, биздин оюбузча, тигүү өндүрүшү дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуу мүмкүнчүлүгү аз. Себеби, биз бул продукцияны өндүрүү үчүн заманбап кластерди түзө алган жокпуз.  Ошол себептүү, Түркия, Түштүк-Чыгыш Азия, Италия, Кытайга окшогон өлкөлөр менен бирдей шартта атаандашууга реалдуу мүмкүнчүлүк жок. Анткени, Кыргызстанда бул тармак бүгүнкү күнгө чейин реэкспорттун негизинде иштеп келет. Кыргызстанга тигүү өндүрүшүнө керектелген кездемелер, аксессуарлар көбүнчө Кытайдан импорттолгондуктан, кечээ Кытай менен болгон чек ара жабылганда тигүүчү цехтердин иштебей токтоп калганын да байкасак болот. Ошондой эле, биздин тигүү өндүрүшүндө акыркы заманбап тигүүчү машиналар, шаймандар жана жабдуулар жетишсиз.      

Ошондуктан, Кыргыз камвольно-суконный комбинаттарын жандандыруу керек. Ата-энелерибиздин айтымында, Советтер союзунда Кыргызстанда жасалган койдун кездемелери Россияга эле эмес, Улуу Британия, Италияга чейин жөнөтүлүп турчу дешет.

Ал эми бүгүнкү кундө, күчтүү маркетинг жана дизайндын негизинде койдун жүнүнөн жасалган кездемеден көптөгөн атаандаштыкка жөндөмдүү даяр продукцияларды дүйнөлүк рынокко сатууга мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, экологиялык таза байпак, одеял, жууркан-төшөктөрдү, кийиз шырдактары, Баткен килеми жана башкалар. Себеби, акыркы учурларда бул продукцияларга айрыкча Европа жана Азия өлкөлөрүнөн кызыккандар өсүүдө.  Азыркы тапта, Баткен шырдагы Японияда 5000 АКШ доллардан сатылып жаткандыгы талашсыз.  

Электр энергиясын өндүрүп эскпорттосок болот   

5) Андан тышкары, Кыргызстандын коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоого чоң потенциалы бар. Себеби, Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын (күн, шамал, геотермалдык булактар, биомассалар, чакан суу агымдары) эске алып баалай турган болсок, болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, жыл сайын көлөмү 840 миллион тонна эквиваленттүү күйүүчү май алууга болот. Өлкөнүн ландшафтына байланыштуу, көпчүлүк аймактар алыскы жерлерде жайгашкандыктан, мындай шартта бул аймактарды калыбына келүүчү энергия булактары менен камсыз кылуу эң натыйжалуу. Ошол себептуу, мамлекетибиздин бул тармака ири инвестицияларды тартуу аракеттерин иштеп чыгуу бугунку кундун талабы. Себеби, келечекте электр энергияга болгон суроо-талаптар жогорулайт. Өзүңүздөр байкагандай, бүгүнкү күндө көпчүлүк өнүккөн өлкөлөр айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу, нефть, газ ресурстарынын колдонуунун ордуна акырындык менен электр энергияга өтүп жатышат. Өзүнүздөр билгендей, өнүккөн өлкөлөрдө эчак электр машиналарын колдонууга да акырындык менен өтүп, электр машиналарына суроо-талап күндөн күнгө өсүүдө. Мындай темп менен 10 жылдын аралыгында көпчүлүк өлкөлөрдун 80-90 пайызы электр машиналарын колдонуп калуусу ыктымал.  

Ансыз деле, Кыргызстан нефть, газ ресурстарын импорттоодон көз каранды. Ошол себептүү, бул ресурстардын эл аралык рынокто баалары солкундаган соң Кыргызстан эле эмес, көптөгөн өлкөлөр жабыркап, бир канча кыйынчылыктарга кабылууда.  

6) Ошондой эле, Кыргызстан туризм, билим берүү (медицина, IT) тармактарын экспорттоо аркылуу укмуштуудай киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Кыскасы, Кыргызстандын көптөгөн тармактарын ийгиликтүү өнүктүрүү жана экспортко чыгуу өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн айта берсек көп! Ошондуктан, Кыргызстандын олуттуу турдө даяр продукциялар жана тейлөөлөрдү экспорттоого багытталган реформаны ишке ашыруу максатында жогоруда айтылган маалыматтырды, мүмкүнчүлүктөрдү мисал түрүндө кароого аракет кылдык.      

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жашоо жеңил 

Кудайга шүгүр, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жашоо жеңил. Башка өлкөлөрдөн айрымаланып, Кыргызстандын жаратылышы, таза суулары жана дем алып жаткан таза абасы - биздин чон байлыгыбыз! Өзүнүздөр билгендей, канчалаган өлкөлөр биздикиндей таза суу менен абага жете албай, зар болуп жүрүшөт. Ал өлкөлөр үчүн мындай байлыка жетүү кыял бойдон кала берет, жетүүгө да мүмкүн эмес! Болгону, өлкөбүз үчүн бир кана туруктуу экономикалык өсүү жетишсиз болууда. Эгерде биз болгон күч-аракетибизди жумшап, жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү кана эл аралык рынокто атаандаштык артыкчылыгына ээ болуп калса, анда биз туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетише алабыз.           

Ошодуктан, өнүгүүгө кандай кана жолдорду, стратегияларды тандабайлы, баары бир эртели-кечпи экспорттоо жолу аркылуу гана мамлекетибизди өнүктүрө алабыз. Антпесе, жерлерибиз чекеден сатылып, кен-байлыктарыбызды тонотуп калышы мүмкүн.   

Айтайын дегеним, келечекте ар кимден суранган өлкөдө эмес, башкаларга кол сунган өлкөдө жашагым келет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости