www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев парламент жыйынында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин кыргыз тилине болгон мамиле толугу менен өзгөрүшү керектигин айтты.

Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүүнү бала бакчадан жана башталгыч класстардан баштоо керек.

«Биз конституциялык мыйзамды кабыл алгандан кийин тилге болгон мамиле түп тамырынан өзгөрүшү керек. Мурдагыдай этап-этап менен деген токтош керек. Ошентип жүрүп 35 жылда мамлекеттик тил эч кандай өнүккөн жок. Коңшу Казакстанда 1-4-класста сабактар бир гана казак тилинде өтүлөт. Башка тил жок. Ушундай нерселерге барышыбыз керек биз дагы. Дагы бир маселе, «Ыйман» сабагы киргенде кыргыз жана англис тилдери бир саатка кыскарган. Бул кыргыз тилине эмне деген мамиле? Башка тилден кыскартса болбойбу?», — деди ал.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости