www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү министрлигин бөлүп, эки министрлик түзүүнү сунуштады.

Спикер бүгүн, 20-мартта, Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, ошондой эле академик Асылбек Алтымышбаев атындагы Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Жолугушууда илимдин орду өзгөчө экенин белгилеген Шакиев азыркы илим менен техника тездик менен өнүгүп жаткан доордо бардык тармактардагы жетишкендиктердин башатында илимий ачылыштар турарын белгилеген.

"Азыркы тапта Улуттук илимдер академиясы чоң реформага муктаж. Ишмердүүлүгү толук каралып чыгып, заман талабына жооп берген илимий изилдөөлөрдүн чордонуна айланышы зарыл. Илимге көңүл бурулбаса башка тармактарды өнүктүрө албайбыз. Ал тургай экономикабыздын илимге негизделбегендигинин айынан көйгөйлөр көп болгонун көрүп жатабыз, – деди Шакиев.

Төрага Улуттук илимдер академиясын реформалоо үчүн тармакты тейлеген министрликке өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгилеген. Анын айтымында, учурда министрлик жумушуна жетишпей жаткандыктан ири реформалар ишке ашпай келет.

"Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим-изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим-изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм", — деди спикер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости