www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев менен бирге Астана шаарындагы Достук үйүнө барып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алсак, көргөзмөгө залкар калемгердин Казакстандын мамлекеттик архивдеринде сакталган уникалдуу сүрөттөрү коюлган. Андан соң Төрага Достук үйүндөгү кыргыз улутуна таандык бөлмөгө баш багып, андагы маданий-руханий материалдар менен таанышты. Ошондой эле Казакстан элдеринин Ассамблеясынын мүчөлөрү, интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-казак мамилесине байланышкан маселелерди талкуулады.

Төрага залкар жазуучу, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсү тууралуу сөз кылып, чыгармалары аркылуу кыргыз-казак байланышын чыңдоого зор салым кошкон инсандын өмүр жолун даңазалаган саамалыкка жогору баасын берди.

Январь айында Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында да Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форум өткөрүлгөн. Жыйында Маулен Ашимбаев да баяндама жасап, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин маданий-гуманитардык алакасы тууралуу сөз кылды. Андан тышкары, 40 миңден ашуун кыргыз улутундагы Казакстандын жарандары жашаарын айтып, жалпы республика боюнча кыргыздарга таандык 10 этномаданий борбор иштерин маалымдады. Ал эми Казакстандагы манасчы Баянгали Алимжанов келгендерге эпостон үзүндү айтып берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости