www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле ачылышы болгон "Гранд казинонун" ээси президенттин досу Арзыбек Бурканов экени тастыкталды. Шибегени капка катуу мүмкүн эмес болгондой эле, чындыкты жаап-жашыруу кыйын. 

Дегенибиз, казино ачылганда жылаңач кыздардын меймандарга көңүл ачуу үчүн бийлеп шоу-программа тартуулашканы коомчулукта катуу сынга алынган. Казинонун Буркановго тиешелүү экени талкууланып, президенттин дарегине чейин ар түрдүү сөздөр, нааразы пикирлер айтылган. 

Бирок, казинонун негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов аттуу Буркановдорго тыгыз байланышы бар адам экенин журналисттер иликтеп айтып чыгышканына карабай, казинонун ээси индус инвестор деген жомок токулуп, Буркановго тиешеси жок деп танышкан. Ошондон көп өтпөй казиного ээлик кылган компания Адилет Султанов аттуу жаранга өткөн. Эми минтип эки ай өтпөй Арзыбек Буркановдун баласына өттү. 

Ошентип, алгачкы лицензия сатып алган "Гранд казинонун" ээси катары Азат Бурканов катталды. Чындык билинди. Эки ай улам-улам бирөөнүн калпагын, бирөөнө кийгизип элдин көзүн жазгырган шоу аягына чыкты. 

2-майда ачылган "Гранд казино" 84 миллион сомго лицензия сатып алган алгачкы расмий кумаркана болуп саналат. Салыкты 22-майдан баштап төгүп баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин болгону 18 миллион сом төккөн. Муну салык кызматы жарыялаган ачык булактардан көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости