www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Точка” деген ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдардан баш тартты. Бул тууралуу УКМкнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ыкчам-издөө, анын ичинде профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген ат менен белгилүү болгон Б.А.нын (К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү) жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.
УКМК өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө каршы туруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын комплексин, профилактикалык мүнөздөгү чараларды улантууда.
Булак: NazarNews.kg