www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине барды.
Алгач Төрага жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат алды.
Андан соң окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 100 жылдык тарыхка ээ окуу жай Кыргызстандагы негизги университеттердин бири экенин айтып, өзү да кезинде ушул билим берүү жайында окууну кыялданганын эске салды.
“Биз билимдүү коомду, билимдүү мамлекетти түптөй алганда гана кубаттуу өлкөнү кура алабыз. Эгер билимдүү коом болбосо жерибиздин байлыгы да эч нерсеге татыбай калат. Анткени биздин башкы байлыгыбыз - эл. Элибиздин билимине таянуу менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз. Ошондуктан, аталган тармакты реформалоону жигердүү улантып, университеттерди өнүктүрүү үчүн керектүү каражатты да аябашыбыз керек”, - деди Төрага.
Муну менен катар буга чейин тармакты тейлеген министрликти экиге бөлүү менен заманбап шартта иштеген эки министрлик түзүү демилгесин көтөрүп келгенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Ошол демилгебиз ишке ашып, былтыр Агартуу министрлиги, ошондой эле Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү. Бул маанилүү чечим тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, алгылыктуу иштер жасалат деген ишеничтемин”, - деп кошумчалады.
Андан тышкары, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын флагманы катары Улуттук университет жаңы шартта, жаңы багытта иш алып барып, башка университеттерге үлгү болушу керектигин белгилеген Төрага: “Азыр бизге билим менен тажрыйбаны айкалыштырган, жаңы технологияларды мыкты өздөштүргөн адистер өтө зарыл. Айрыкча азыр жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңейди. Аталган мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу үчүн жасалма интеллектти жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышыбыз керек”, – деди.
Ошондой эле Төрага: “Биз дүйнөнү Boeing, Airbus чыгарып таң калтыра албайбыз. Бирок келечекте дүйнөнү суктандырып, билими менен өзгөчөлөнгөн уул-кыздарды тарбиялап чыгарсак болот. Андыктан, университетте чоң реформалар жасалып, заманбап билим берүүгө жана мамлекеттик тилге басым жасаган маанилүү окуу жай катары таанылышы кажет”, - деп кошумчалады. Буга колдоо катары Улуттук университеттин Кыргыз филологиясы факультетинин 20 студентине окуу жылынын жыйынтыгы менен 20 миң сомдон стипендия берерин, ал эми мамлекеттик тилди окутуунун жаңы усулун иштеп чыккан эки окутуучуга 200 миң сомдон жардам көрсөтөрүн убада кылды.
Жолугушуунун алкагында окуу жайга заманбап техникаларды да тапшырды. Мындан сырткары, агартуучулардын жумушун, анын ичинен мектеп мугалимдеринин ишин жеңилдеткен интернет порталын көрүп, аталган долбоорду жасаган Тилен Өмүралиевге заманбап планшет белек кылды.
Баарлашуу суроо-жооп иретинде уланып, окутуучулар жана студенттер тарабынан бир катар суроолор берилип, ар кандай маселелер көтөрүлдү. Анын ичинен илим менен өндүрүштү айкалыштыруу сунушу айтылып, Улуттук университеттин макамын көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алуу демилгеси да берилди.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу демилгени колдоп, бардык нерсе илимге байланышканын, айрыкча илимге негизделген экономиканын келечеги кең экенин белгиледи.
“Өнүккөн мамлекеттерде жогорку окуу жайлар керектүү долбоорлор боюнча буйрутма алып, ишке ашыруу аркылуу каражат табат. Анткени аларда Илим академиялары деле жок, бардыгын жогорку окуу жайлардын илимий борборлору ишке ашырат. Учурда бизде бир катар стратегиялык, инфраструктуралык долбоорлор пландалууда. Бирок аларды ишке ашырууда илимий адистерди чет жерден чакырууга мажбурбуз. Окуу жайларда эмгектенген илимпоздорубуз ошол маселеге көңүл бурушу керек. Ал эми биз Улуттук университеттин макамын көтөрүүгө багытталган керектүү мыйзам долбоорлорун колдоп беребиз”, - деди.
Муну менен катар окутуучулар Төрагадан айлык маянаны жогорулатууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Нурланбек Тургунбек уулу жакынкы аралыкта мектеп мугалимдеринин айлык акысы көбөйтүлөрүн, ал эми жогорку окуу жайларда эмгектенген адистердин да айлыгы алардан кем болбошу керектигин кошумчалады. “Окутуучулардын маянасы министрдикинен да төмөн болбошу кажет. Тармакты тейлеген илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри бул маселе боюнча керектүү сунуштарды киргизиши зарыл”, – деди Төрага.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы