www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкер Нурсултан Кубанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин коюп, президентке кайрылды.
Ал чет өлкөдө билим алганын, 30дан ашык мамлекетте болгондугун, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүгө, кызматташууга шыктуу экенин жана башкарууда жетиштүү тажрыйбасы бар экенин жазган.
«Мен англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйм. Мүмкүнчүлүк болсо, чет элдик инвесторлорду тартуу, туризмди өнүктүрүү, билим берүү тармактарын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча иштерди баштасам дейм.
Ар бир лидер 90 күндүн ичинде стратегиялык өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү керек, ошондуктан мен ошону суранам.
Эгерде бул убакыттын ичинде мен оң натыйжаларды көрсөтө албасам жана сиз эч кандай өзгөрүүлөрдү көрбөсөңүз, анда мен өзүм кызматтан кетүүгө даярмын», - деп жыйынтыктады Кубанов.
Булак: NazarNews.kg