www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кытайда. Бул тууралуу саясат таануучу Аркадий Дубнов өз булактарына таянып билдирди.

Ал ошондой эле Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Дубайда камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, миллиардер Кайрат Сатыбалды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, Дубновдун айтымында, Нурсултан Назарбаевдин экинчи жээни, УКМКнын генералы жана биринчи орун басары Самат Сатыбалды Абиш дагы кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин казакстандык orda.kz порталы да Самат Абиштин кармалганын жазган. Бирок кийинчерээк алардын маалыматы тастыкталбаганын айтышты. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы да четке какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости