www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Буга чейин аны Нурсултан Назарбаев башкарып турган. Президент мамлекеттик телеканалдар аркылуу жасаган кайрылуусунда каршылык акциялар учурунда каза тапкандар бар экенин айтты.

“Кандай болгон күндө дагы башкалаа Нур-Султанды таштап чыгып кетүү ниетим жок ”, - деген Токаев элди тынчтыкка чакырды.

Коопсуздук кеңешинин төрөгасы – Казакстандагы жогорку кызматтардын бири. Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ болгон. Ага чейин ага "Элбасы" наамын алган.

Байкоочулар 82 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекеттин саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости