www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Борбор калаадагы шайлоо тилкелердин биринде добуш берген. Бул  тууралуу "Nur.kz" басылмасы Нурсултан Назарбаевдин маалымат катчысынын пикирине таянуу менен жазды.

--"Урматтуу Казакстандыктар, урматтуу атаандаштар! Бүгун элибизде саясий маанилүү чечим кабыл алынып жатат. Бул шайлоо тилкелерине келип добуш берүү эмес, элибиздин ар бир азаматы бар экенин көрсөтүү. Келечекке үмүтү бар экенин көрсөтүү. Казак элинин бир бүтүмдүгүн дүйнө элинин алдында дагы бир жолу көрсөтүү. Биздин мүдөөбүз, тилегибиз бир. Андыктан тынчтык үчүн, келечек үчүн кайдыгер карабай добуш берүүгө чакырам. Конституциялык укугуңуздардан пайдаланып добуш бериңиздер!",-деди Назарбаев. 

Эске салсак, Казакстанда мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолку чакырылыштын депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

Шайлоого жалпы 5 партия: «Нур-Отан» башкаруучу партиясы, 2 оппозициялык «Ак-Жол» менен Казакстан элдик партиясы, ошондой эле «Адал» жана «Ауыл» партиялары катышууда.

Бул эгемен Казакстандын тарыхында өтүп жаткан VIII парламенттик шайлоо. 16 жылдан бери алгач ирет мөөнөтүнөн мурда эмес, кезектүү шайлоо уюштурулду.

Партиялык тизме менен 98 депутат төмөнкү палатага 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо босогосу 7 пайыз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости