www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байдендин Вашингтондогу Капитолийди басып алуу экстремизм жана мыйзамсыздык деп айткан сөздөрүн колдоду.

"Дүйнө жүзү сыяктуу эле, Казакстан да АКШда болуп жаткан окуяларды кунт коюп байкап турат. Менин оюмча, АКШнын шайланган президенти Джо Байден чыгарган тыянакка макул болуш керек. Америкалык демократиянын символу болгон Капитолийди басып алуу - бул мыйзамсыздык жана экстремизм", - деди Токаев.

Ошондой эле, Токаев мындай мыйзамсыздыкка жана экстремизмге байланыштуу тийиштүү чараларды көрүү керектигин баса белгиледи. Казакстандын президенти Байден мындай кырдаалдан тийиштүү жыйынтык чыгарат деген ишенимин билдирип, келечекте бул чечим универсалдуу болуп калат дейт.

Токаев ошондой эле Казакстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер "жогорулай турчу көрсөткүч боюнча" өнүгөт деген ишеничин билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости