www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаев фонду уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы темаларды чагылдырган АКШдагы Журналистиканы өнүктүрүү тармагына каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Американын Courthouse News Service басылмасы жазып чыкты.

Сот жараянына 2022-жылдын 19-январындагы макала себеп болгон, анда Назарбаев Фонд аркылуу жергиликтүү билим берүү долбоорлорун каржылоого багытталган миллиарддаган долларларды толугу менен көзөмөлдөйт деп жазылган. Доочу (истец) макалада көрсөтүлгөн каражаттар өз багытында пайдаланылбай, анын ишкердик беделине шек келтирген божомолдор жалган жана жалаа деп эсептейт.

Фонд соттолуучудан материалдык компенсация талап кылган, бирок анын суммасы белгисиз. Доочуну Вашингтондогу Boies Schiller Flexner фирмасынын адвокаты Мэтью Шварц коргойт.

Өз кезегинде Журналистиканы өнүктүрүү тармагынын аткаруучу директору Дрю Салливан казак фондунун дооматы негизсиз экенин, иликтөөчү журналисттер алардын версиясын карманып жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости