www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер Жогорку Сот тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчалардын түзүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечим экендигине көңүл бурду.

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», - деди Садыр Жапаров.

Президент баса белгилегендей, коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу – учурдун талабы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости