www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылдын биринчи жарымында өлкөдө жол кырсыктары 11 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, январь-июнь айларында республиканын аймагында 3 миң жол-транспорт кырсыгы катталган. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (44 пайыз), Чүй (20 пайызы) жана Ош (9 пайызы) облустарына туура келди.
Жол-транспорт кырсыктарынан 4 629 адам жабыр тартты, бул 2021-жылдын алты айына салыштырмалуу 8,7 пайызга аз. Ал эми каза болгондордун саны — 248 (24,6 пайызга аз).
Анткен менен балдар аралашкан жол кырсыктары өткөн жылдын деңгээлинде кармалып турат. Тагыраагы, 800дөн ашык жол кырсыгында 37 бала каза болуп, 929у жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg