www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Адахан Мадумаровдун айыптоосуна жооп берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
--"Шайлоодо колдонулуп жаткан технологиялардын так иштөөсүн камсыз кылуу үчүн алдын-ала бардык АЭУлардын (автоматтык эсептөөчү урна) тестирлөөдөн өткөргөнбүз. АЭУ аппараты өзү дагы техникалык көзөмөлдөн өттү. Мындан сырткары биз акыркы 10 күндүн ичинде ушул АЭУлардын жер-жерлерден борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн дагы тыкыр, катуу, кеңири тестирлөөдөн өткөрдүк. Бул процессте эч кандай башка адамдардын катышуусу жок. Бул процесске борбордук участкалык комиссиялар, БШКнын тийиштүү кызматкерлери гана өткөрөт. ЖМКларда бул иш-чарага УКМКдагы кийгилишкен деген маалымат тарап жатат. Андай болушу мүмкүн эмес. Тестирлөөгө бир дагы орган кийгилишкен жок" , - дейт Шайлдабекова.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg